Ош шаарына жаңы 120 атайын техника сатып алынды

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик турукташтыруу фондунан 500 миллион сом бөлүп берген каражатка жалпы 120 даана 21 түрдөгү атайын техника Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ишканалары үчүн сатып алынды.

Учурда толук техникалар алып келинип, шаардын борбордук аянтына тизилип жатат. Бул техникалар алдыда шаар көчөлөрүн жууп тазалоо, шыпыруу, кышкысын жолдордогу карды күрөө, туз себүү сыяктуу жумуштарга тартылып, тиешелүү ишканаларга бөлүштүрүлөт. Андан сырткары автовышкалар, крандар, SANY, SHACMAN сыяктуу оор жүк ташуучу унаалар, жолго асфальт төшөөчү техникалар бар. Жакынкы күндөрү расмий тапшыруу аземи өтөт.