Ош шаарынан Иркутск шаарына каттамдардын саны көбөйдү

Бүгүн, 23-июнда ата мекендик «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы Ош-Иркутск-Ош багыты боюнча биринчи каттам аткарып, бул багытта туруктуу каттамдардын санын көбөйттү.
Биринчи каттам менен Оштон 131 жүргүнчү учуп кетип, Иркутск шаарынан 180 жүргүнчү учуп келген. Каттамдар Airbus A320 учактары менен жумасына бир жолу – жума күндөрү аткарылат.
Башка авиакомпаниялар тарабынан аталган багыт боюнча жумасына 6 каттам аткарылат.