Ош шаарында 120 орундуу бала бакчанын жаңы имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан маалымдашты.
Ош шаарынын Юго-Восток кичи районунда 120 орундуу “Балажан” бала бакчасынын кошумча имаратынын курулушу башталды. Бекитилген мөөнөт боюнча объект 9 айда пайдаланууга берилиши керек. Курулуш компаниясы тарабынан объектти быйылкы жылы бүтүрүп, колдонууга берүү аракеттери көрүлүүдө.