Ош шаарында 25-марттан тарта жылытуу токтотулат

Ош шаарында 25-марттан тарта жылуулук берүү токтотулат. Өткөн жылы Ош шаарына жылуулук 22-октябрдан баштап берилген эле. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан  кабарлашты.

Ош жылуулук электр борбору 330 көп кабаттуу үйдү, 12 саламаттыкты сактоо мекемесин, 19 бала бакчаны, 19 мектепти, 8 окуу жайды жана башка объектилерди жылуулук менен камсыз кылат.