Ош шаарында 5 согуштун ардагери жашайт

Бүгүн, 9-майда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов согуш ардагерлеринен кабар алып, Жеңиштин 76 жылдыгына карата акчалай сыйлык жана белектерин тапшырды. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

«Арлагерлердин, ооруктун каармандарынын арасы суюлуп жаткандыгы ар бирибизди өкүндүрбөй койбойт. Жылдап согуш талаасында биз үчүн, келечек үчүн өз жанын, ден соолугун аябай жоонун мизин кайтарган аталарга, аларга ар дайым колдоо көрсөтүп келген ооруктагы ата-апаларга таазим. Аталар менен сүйлөшүп отуруп, акыркы Баткен облусунда болуп жаткан кырдаал алардын жүрөгүн оорутуп жаткандыгын түшүндүм», — деди шаар башчысы.

Ош шаарында 5 согуш ардагери жана 10 ооруктун каарманы жашап келет. Мэриядан согуштун ардагерлерине 20 миңден, ооруктун каармандарына 15 миңден акчалай сыйлык жана майрамдык белектер тапшырылды. Өлкө башчынын атынан ардагерлерге 70 миң сомдон, ооруктун каармандарына 15 миң сомдон берилген.

Ошондой эле шаарда Улуу Ата Мекендик согуштун 76 жылдыгына карата митинг-реквием өттү.