Ош шаарында Айт намазга 13 миңге жакын адам катышты (сүрөт)

Ош шаарында майрамдык Айт намазга 13 миңдей адам катышты. Бул тууралуу Ош мэриясынан маалымдашты.

Ош шаарында 9-июль күнү борбордук аянтта Курман айт майрамынын урматына майрамдык Айт намазы окулду. Ага калаанын биринчи вице-мэри Марс Исаев, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Уристем Манапов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, дин өкүлдөрү, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, аксакалдар жана тургундар катышты. Айт намазга жалпысынан 13 миңге жакын адам катышты.