Ош шаарында Айт намазга жети миңге жакын адам чогулду (сүрөт)

Ош шаарындагы борбордук Сулайман-Тоо мечитинде жети миңге жакын адам майрамдык Айт намазга катышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, шаардын мэри Таалайбек Сарыбашов бардыгын ыйык Курман айт майрамы менен куттуктап, бул майрам эзелтен бери элдин биримдигин чыңдап, жакшылык менен кайрымдуулукту чагылдыргандыгын баса белгиледи.

Буга чейин Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы коронавирус пандемиясынан улам шаардын аянттарында айт намазын окуудан баш тартып, аларды мечиттерде өткөрүүнү сунуш кылган.