Ошто аялдарга карата зомбулукка каршы, алардын саясаттагы орду боюнча жөө жүрүш өттү

Бүгүн, 8-мартта Ош шаарында аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка каршы, ошондой эле айымдардын саясаттагы орду боюнча жөө жүрүш өттү. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА агенттигине жарандык активист Айсулуу Аскарбекова билдирди.

Анын айтымында, бул жөө жүрүштө айымдардын жоолук маселеси да көтөрүлгөн. «Биз жоолук маселесин да көтөрдүк. Тактап айтканда, кыз-келиндердин билим алышына жоолук тоскоол болбошу керек», — дейт ал.

Жөө жүрүш учурунда чагымчылдык болуп кетпесин деп, милиция кызматкерлери тарабынан коомдук тартип сакталды. Акция Курманжан датканын эстелигинен башталып, «Эненин көз жашы» эстелигинин жанынан аяктады.