Ош шаарында борбордук базар биротоло жабылат

20-январдан тарта А.Навои көчөсүндө учурда иштеп жаткан борбордук базар жабыла тургандыгын Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.

Мэрия соодагерлерге 20-январга чейин Б.Осмонов көчөсүндө жайгашкан жаңы муниципалдык борбордук базарга көчүп чыгууну эскертет.

«Аталган убакыттан тарта эски базарда электр энергиясы, таза суу жана башка коммуналдык тейлөөлөр токтотулат. Учурда базардын ордуна эс алуу багын куруу долбоору даярдалууда. Ага чейин курулуштарды жана соода түйүндөрдү алып салуу, көчүрүү, санитардык тазалоо иштери жүргүзүлүп, долбоорду ишке ашырууга даярдыктар көрүлөт», — деп жазылат маалыматта.