Ош шаарында бүгүн-эртең жалпы ишембилик болот

Ош шаарында 24-25-апрель күндөрү жалпы ишембилик болот. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган үч айлыктын алкагында «Таза короо» сынагы өтүп жатат. Активдүү катышкан аймактарды комиссиялык топ ишембиликтин алкагында текшерип чыгат.
«Таза короо» сынагынын жыйынтыгын чыгаруунун негизги критерийлери:
— бекитилген жер тилкелерин санитардык талапка ылайык таза кармоо;
— бак-дарактарды эгүү жана аны көгөртүү;
— жол боюндагы, короолордун ичиндеги жана сугат арыктарды тазалоо;
— короолордо жайгашкан ар түрдүү тосмолорду (балдар аянтчалары, көп кабаттуу үйлөрдүн айланасындагы жана башка) сырдоо жана оңдоо иштерин жүргүзүү;
— бак-дарактарды кыркып тегиздөө жана актоо;
— көп кабаттуу үйлөрдүн, кварталдарда жайгашкан имараттардын сырткы көрүнүшүн кооздоо, сырдоо, жарнактардын мамлекеттик тилде жазылуусун жана түнкү декоративдик жарыктандыруусун камсыз кылуу;
— көп кабаттуу үйлөрдүн подъезддериндеги эшик, терезелерин оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү.
Мыкты кварталдык комитеттердин жеңүүчүлөрүнө 1-орунга 60 миң сом, 2-орунга 40 миң, 3-орунга 25 миң сом ыйгарылат. Мындан тышкары үй башчылары уюштуруу багытын колго алганы үчүн сыйланышып, 1-орунга 15 миң, 2-орунга 10 миң, 3-орунга 5 миң сом тапшырылат.
Ошондой эле активдүү катышкандарга Ош шаарынын мэриясы тарабынан белектер жана дипломдор берилет.