Ошто да кинотеатр, фуд-корт жана интернет клубдарга иштөөгө уруксат берилди

Бишкектен кийин Ош шаарында да кинотеатр, фуд-корт жана интернет клубдарга иштөөгө уруксат берилди. Алар ушул жылдын март айынан бери жабылуу бойдон турган жана бүгүн, 3-декабрдан тартып ишке кирет.

Ошондой эле штабдын жыйынында ресторандар менен балдар аянтчаларына да ишин улантууга уруксат берилгени маалым болду. Тамактануучу жайлар түнкү саат 12ге чейин эле иштесин деген чечим жокко чыгарылды.

Уруксат берилген жайларда санитардык талаптар сакталышы керек, анын сакталышын жергиликтүү бийлик улам текшерип турат.

Массалык иш-чараларды өткөрүүгө келсек, аларга январь айына чейин тыюу салынды.