Ош шаарында да Райымбек Матраимовдун тарапташтары митингге чыгышты (видео)

Ош шаарында да Райымбек Матраимовду колдоо митинги өтүп жатат. Акциянын видеосу социалдык тармактарга жарыяланды.

Видеого жүзгө жакын адамдын желек көтөрүп, Бажы кызматынын мурдагы орун басарынын бошотулушун талап кылып жатканы тартылган.

Эске салсак, 11-февралда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Райымбек Матраимовго карата козголгон кылмыш ишин кароо аяктаган. Судья Гүлзат Дыйканбаева аны коррупциялык иштер боюнча күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул салган.

Ал эми кечээ, 18-февралда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов УКМК тарабынан кайра камакка алынган болчу. Матраимовго кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында айып коюлгандыгы айтылган.

Учурда Бишкек шаарындагы УКМКнын алдына анын тарапташтары митинг өткөрүп жатышат.