Ош шаарында Даун синдрому бар балдар үчүн ресурстук борбор ачылды

Ош шаарында Даун синдрому бар балдар үчүн ресурстук борбор ачылды. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул үчүн шаардык мэрия 144 миң сомду колдоо иретинде бөлүп берген.

“Мекемени ачууну демилгелеген кайрымдуулук фондунун колдоосу астында Даун синдрому менен жабыркаган 150 бала бар, алардын 40ы Ошто жашашат. Жаңы борбор балдардын коомго аралашуусуна, өзүн жана ата-энесин багууга жардам берет”, — деп айтылат маалыматта.