Ош шаарында Эгемендүүлүк күнү кандай белгиленди? Видео

Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара борбордук аянттагы чоң программадагы гала-концерт менен жыйынтыкталды. Бул тууралуу Ош мэриясынан маалымдашты.

Иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев, шаар тургундары катышты. Майрамдык гала-концерт маданий театрлаштырылган оюн-зоок, фейерверк, белгилүү ырчылардын коштоосундагы гала-концерт менен уланып, дискотека менен жыйынтыкталды.

1991-жылы өлкө СССРдин курамынан бөлүнүп, көз карандысыз мамлекет болгон. Ошол жылы 31-август өлкөнүн эгемендик күнү деп жарыяланган.

Видеонун автору: Исхак Туратбеков