Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата бир катар иш-чаралар өтөт. Программа

Архив

Ош шаарында Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата кол өнөрчүлөрдүн масштабдуу көргөзмөсү, театралдык оюндар жана гала-концерт өтөт. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 31-август күнү Ош шаарындагы борбордук аянтта Эгемендүүлүк күнүнүн 30 жылдыгын майрамдоонун алкагында масштабдуу майрамдык программа уюштурулат:
  • борбордук аянтка 7 боз үй орнотулуп, кол өнөрчүлөрдүн, уз-чеберлердин буюмдарынын, улуттук тамактардын көргөзмөсү өтөт. Аны боз үйгө атайын түзүлгөн комиссиялык топ жеңүүчүлөрдү аныктап, диплом жана балуу белектер тапшырылат;
  • Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын Оштогу бөлүмү тарабынан уюштурулган «Достук фестивалы» болот;
  • шаардын борбордук аянтында түштүк борбордун тургундары жана коноктору үчүн шаардык маданият башкармалыгынын, «Келечек» чыгармачылык балдар үйүнүн чыгармачыл жамааттары, шаарда жайгашкан театрлар тарабынан даярдалган концерттик программа, белгилүү инсандар: Алымбек Датка, Курманжан Датка, Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Исхак Раззаковдун өмүр жолу тууралуу тетрлаштырылган көрүнүштүр тартууланат. Мындан тышкары, кыргыз эл артистери, эстрада жылдыздары: Саламат Садыкова, Керим Турапов, Венера Назаралиева, Айпери Кулбаева, чыгармачыл топтордун жана жамааттардын катышуусунда майрамдык концерт өтөт.
  • борбордук аянтка келген коноктор үчүн дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулган «күрөш», аркан тартыш, таш көтөрүү, кол күрөш боюнча спорттук мелдештери өткөрүлөт. Ошондой эле, Токтогул Сатылганов жана Навои атындагы сейил бактардаа тогуз коргоол, ордо, шахмат боюнча мелдештер уюштурулат.
Кечки саат 20:00дө Ош шаарынын борбордук аянтында белгилүү ырчылардын, маданият кызматкерлеринин катышуусунда чоң программадагы гала-концерт өтөт. Иш-чара майрамдык фейерверк менен аяктайт.