Ош шаарында Энесай жаңы конушу түптөлөт

1-июль күнү Ош шаарынын Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу Коммунист айылында Эне-Сай жаңы конушунун курулушуна расмий түрдө старт берилди. Бул маанилүү окуянын алкагында жаңы шаарчанын пайдубалына мезгил кутучасы салынды.

Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, “Куньлунь” курулуш компаниясынын өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышышты.

Долбоор жалпы 520 үй-бүлөгө ылайыкташкан. Ушул жылдын күз айларына чейин 320 заманбап турак үйлөрдү, аны менен бирге мектеп, бала бакча, ФАП жана башка социалдык мекемелерди куруу каралган. Шаарча жалпы 54 гектар жер аянтында түптөлөт.