Ош шаарында Жаңы жыл майрамы салтанаттуу белгиленди

Ош шаарынын борбордук аянтында Жаңы жыл майрамы белгиленип, 15 миңге жакын адам чогулду. Саат 14:00дөн баштап концерттик программалар тартууланды. Кечкисин шаар башчы Бакытбек Жетигенов аянтта калаа тургундарын жана конокторун жаңы жылы менен куттуктады.
Иш-чарага шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков да катышты. Майрам фейерверктер менен коштолуп, жаштар үчүн ырлар жаңырды.