Ош шаарында Жаңы жыл майрамына карата концерт өтүп жатат

Ош шаарынын борбордук аянтында Жаңы жылга карата майрамдык концерт өтүп жатат. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Шаар тургундарына жана конокторуна «Келечек» балдар чыгармачыл борбору, Саид Бекмуратов атындагы музыкалык мектеби, Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайы, Петр Чайковский атындагы искусство мектеби тарабынан концерттик программа тартууланууда. Ошондой эле окуу жайлар, шаардык билим берүү башкармалыгы да майрамдык программа даярдаган.

Иш-чаранын программасы:
16:00-17:00
Ныязалы Борошев атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайынын концерти
17:00-18:00
Ош мамлекеттик университетинин Искусство факультетинин концерти
18:00-19:00
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин концерти
19:00-20:00

Ош шаардык маданият башкармалыгы жаңы жылдык концерттик программасын тартуулайт

Саат 20:00дөн тарта мэр Бакытбек Жетигенов баштаган жетекчилер элди Жаңы жылы менен аянтта куттуктап, фейерверк менен коштолот. Андан соң жаштар үчүн ырлар жаңырып, дискотека уюштурулат.