Ош шаарында кайрадан таза суу берүү убактылуу токтотулду

Папан суу сактагычына жакынкы жылгалардан сел жүрүп, Ак-Буура дарыясындагы суунун ылайланышы нормадан жогору болгондугуна байланыштуу, Ош шаарынын Юго-Восток, ХБК, Туран кичи райондорунан жана Достук, Калинин массивтеринен башка аймактарына таза суу берүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, суу ташуучу унаалар аймактарга таза суу жеткирет. Андыктан төмөнкү байланыш номери аркылуу буйрутма калтырсаңыздар болот. Байланыш номуру: 03222 5-04-16