Ош шаарында көмүр 4800 сомдон сатылууда

Ош шаарында ачылган кампада көмүр сатуу уланууда. Бул тууралуу «Кыргыз көмүр» ишканасынан маалымдашты.

«Баасы 4800 сом, башка жактарда көмүр 7500-10000 сомдон же андан да жогорку баада сатылып жатат», — деп жазылат маалыматта.