Ош шаарында Райымбек Матраимовдун тарапташтары митинг өткөрүп жатышат (видео)

Ош шаарында Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тарапташтарынын митинги өтүп жатат. Митингге чыккандар “Райымга боштондук” деп кыйкырып жатышат. Андан тышкары «Азаттык» радиосуна каршы чакырык жасап жаткандар да бар.

Митингге анын бир тууганы жана Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов да чыккан.  Эл өкүлдөрүнөн Таабалды Тиллаев, Мирлан Бакиров жана Бактыбек Райымкулов да бар. Ошондой эле Бишкек шаарында өткөн Райымбек Матраимовду колдоо митингдерине чыккан Шайлообек Атазов жүрөт.

Райымбек Матраимов УКМК тарабынан кайра камакка алынган болчу. Ага кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында айып коюлган. Соттун чечими менен эки айга тергөө абагына камакка алынганы маалым.