Ош шаарында мыйзамсыз берилген жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Жеке менчикке өтүп кеткен Ош шаарынын жаш балдарды калыбына келтирүү жана дарылоо борборунун аймагындагы 2 млн 614 миң 900 сомду түзгөн жер тилке муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, Ош шаардык сотунун 2018-жылдын 10-апрелиндеги чечими менен Ош шаардык прокуратуранын Ош шаардык мэриясы менен С.К. аттуу жарандын ортосундагы жер тилкени сатуу жөнүндөгү соода-сатык келишимин жана жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны жараксыз деп табуу жөнүндө доо арызы канааттандырылган.

2021-жылдын 19-мартында Ош шаардык прокуратура тарабынан Ош шаарынын мэриясына жаш балдарды калыбына келтирүү жана дарылоо борборунун аймагындагы жер тилкени муниципалдык баланска алуу жөнүндө талап келтирилип, 2021-жылдын 26-мартында жогоруда көрсөтүлгөн жер тилке муниципалдык менчиктин балансына алынды.