Ош шаарында окуучуларынан коронавирус аныкталган дагы бир мектеп жабылды

Россия. Орел. 9 декабря 2016. Объявление о карантине в одной из школ города. В связи с ростом заболеваемости детей ОРВИ на карантин закрыты все школы Орла до нормализации ситуации. Алексей Бородин/ТАСС

Ош шаарында дагы бир мектептин окуучуларынан коронавирус инфекциясы аныкталып, билим берүү жайы карантинге жабылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты. Мекемеден билдиришкендей, окуучулардын коронавирус илдети менен жабыркап жатканы аныкталган мектептер автоматтык түрдө карантинге жабылат.

«Шаардык штабдын жыйыны болуп, анда Исхак Раззаков атындагы мектептин окуучуларынан COVID-19 илдети аныкталып, окуу жай 14 күнгө жабылганы белгилүү болду. Ал эми окутуу онлайн режимде улантылат.

Вице-мэр Эмил Шадыханов билим берүүнүн сапатына өзгөчө көңүл буруу керектигин жыйын учурунда баса белгиледи. Ал коомдук жайларда, билим берүү мекемелеринде санитардык-эпидемиологиялык нормалардын жана эрежелердин сакталышына көзөмөлдү күчөтүү, профилактика жаатында иш алып баруу маанилүү экенин айтты», — деп кабарлашты мэриядан.

Буга чейин Олимп жана Жетиген мектептеринин 3 окуучусунан коронавирус илдети аныкталып, 14 күнгө карантинге жабылган.