Бүгүн, Ош шаарындагы 68 мечитте Орозо айт намаздары окулду. Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев борбордук «Сулайман-Тоо» мечитинде айт намазга катышып, шаар тургундарын жана конокторун айт майрамы менен куттуктады.
Шаар башчысы ар бир үйдө тынчтык, токчулук, береке, ынтымак жана аманчылык орун алып, бардыгына бекем ден соолук, руханий кубаныч менен жакшы иштерде ийгиликтерди каалады.