Ош шаарында рейд учурунда Санэпид кызматы тарабынан 6 коомдук тамактануу жайынын иши убактылуу токтотулуп, жалпысынан 120 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриядан маалымдашты.
Ош шаарында 5-август күнү жүргүзүлгөн санитардык талаптарды бузуу фактылары аныкталган кафе-ресторандарга 5 миңден 13 миң сомго чейин айып салынды. Айып пулдун жалпы суммасы 120 миң сомду түздү.