Ош шаарында таштандыдан электр энергиясын өндүрүү талкууланды

Ош шаардык мэриясынын маалыматы боюнча, шаар башчысы Бакытбек Жетигенов Кытайдын «Хунань Цзюнсин» компаниясынын директору Дай Даого менен таштандыны күйгүзүү аркылуу электр энергиясын өндүргөн заманбап ишкананы куруу долбоорун талкуулады.

Ишкана курулса күнүнө кубаттуулугу 2000 тонна таштанды жана көмүрдү иштетип, 50 мегаваттка чейин энергия чыгара алат. “Хунань Цзюнсин” компаниясынын өкүлдөрү Ош шаарындагы ТЭЦ жана “Ош-Тазалык” муниципалдык таштанды полигонун көрүп чыгышты. Соңунда тараптар долбоорду даярдоо, инвестициялык кызматташтык келишимин жана жумушчу топ түзүү боюнча макулдашышты.