Ош шаарында таза суу убактылуу өчүрүлдү. Мэрия суу жеткирет

Нѳшѳрлѳп жааган жамгырдын улам Папан суу сактагычына жакынкы жылгаларда сел жүргөн. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдирди.

Маалыматка караганда, Ак-Буура дарыясындагы суунун ылайланышы нормадан жогору болгондугуна байланыштуу Ош шаарынын Юго-Восток, ХБК, Туран кичи райондорунан жана Достук, Калинин массивтеринен башка аймактарына таза суу берүү убактылуу токтотулган.

Мындан улам шаар мэриясы «Ош суу канал» ишканасы жашоочуларга водовоз менен суу ташып келип бере турганын билдирди.