Ош шаарында Түркиянын Даламан аэропортунан каттам ачылды

Ош шаарында алгачкы жолу Түркиянын Даламан аэропортунан (Бодрум, Мармарис шаарларынан) түз чартердик каттам ачылды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан маалымдашты.

«5-июнда түнкү саат 02:00дө Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаевдин катышуусунда алгачкы каттамды тосуп алуу иш-чарасы болду», — деп жазылат маалыматта.