Ош шаарындагы жалгыз согуш ардагерине 100 миң сом тапшырылды

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Касымбай Жолдошовдон кабар алып, Жеңиштин 79 жылдыгы менен куттуктады.

Ошондой эле мэр президенттин атынан 100 миң сом жана Ош мэриясынын акчалай сыйлык, белектерди тапшырды. Шаар башчысы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана оруктун эмгекчилерине ар дайым өзгөчө көңүл бурулуп, керектүү бардык жардамдар берилерин айтты.

Касымбай Жолдошов 99 жашта, учурда Ош шаарындагы жалгыз согуш ардагери. Мындан тышкары шаар мэринин орун басарлары, мэриянын кызматкерлери жана муниципалдык кызматтардын жетекчилери оруктун ардагерлеринен кабар алышып, материалдык жардамдарды көрсөтүштү.

Учурда Ош шаарында 1 согуштун ардагери жана 5 ооруктун эмгекчилери жашайт.