Ош шаарындагы карылар үйүндө 28 улгайган адам жашайт

Акыйкатчынын орун басары Ош шаарындагы карылар үйүнө барып, алардын жашоо шарты менен таанышты.

Мониторинг учурда интернатта жалпысынан 28 улгайган адам болгон. Алардын ичинен 15и аял, 13ү эркек.
Улгайган адамдар бир бөлмөдө төрттөн жашап жатканы аныкталды. Ошол эле учурда, алар жашаган шарттарына нааразы эмес. Ага байланыштуу Акыйкатчынын орун басары интернаттын жетекчилигин карылардын укугун камсыздоого чакырды. Интернаттын жетекчилигинин маалыматы боюнча жаңы имаратка көчүү пландалып жатат (курулуп жатат).

Жашоочулардын бири катчынын орун басарынан 1990-1997-жылдар аралыгында иштеген жумушунан айлык акы тууралуу маалым кат алууга жардам берүүнү суранган. Анын өтүнүчү көзөмөлгө алынды.