Ош шаарындагы Лениндин эстелигинин ордуна Бишкектегидей желек сап орнотулат

Ош шаарындагы Лениндин эстелиги башка жерге жылдырылат. Анын ордуна Бишкектегидей желек сап орнотулат. Бул тууралуу Ош мэриясынан маалымдашты.

«Мисалы Орусиянын деле шаарларында, ошол эле Санкт-Петербург, Белгороддо Лениндин эстеликтери демонтаждалган же башка жерлерге которулган. Бул шаарлардын жалпы архитектуралык, эстетикалык келбетин жакшыртуудагы кадыресе көрүнүш. Андыктан бул маселени саясатташтырыштын кереги жок», — деп жазылат маалыматта.