Ош шаарындагы шайлоонун жокко чыгарылышы. «Улуу Журт» партиясы Башкы прокуратурага кайрылды

Ош шаарындагы жергиликтүү шайлоого катышып жаткан «Улуу Журт» партиясы Башкы прокуратурага кайрылды. Саясий партия мунун себебин түшүндүрүп берди.

Партиянын өкүлдөрүнүн айтымында, шайлоонун жүрүшүндө өз милдеттерин аткарбаган же тескерисинче, өз кызыкчылыгы үчүн ыйгарым укуктарынан аша чапкан чиновниктер жазаланышы керек. Сөз мэр Таалайбек Сарыбашов жөнүндө болуп жатат. Партия мэр административдик ресурсту жарыштын фаворитине айланган саясий уюмдардын биринин пайдасына пайдаланды деп эсептейт.

Ош шаардык кеңешине шайлоого 9 партия катышкан. «Ата Журт-Кыргызстан», «Улуттар биримдиги», «Ыйман Нуру» жана «Ынтымак» жети пайыздык босогону жеңип чыгышкан эле. «Ишеним», «Улуу Журт», «Республика», «Бир Бол» жана «Бүтүн Кыргызстан», ошондой эле жеңишке жетишкен «Улуттар Биримдиги» партиясы шайлоонун жыйынтыгына нааразычылыгын билдирип, президентке кайрылуу жолдошкону маалым. БШК бир катар мыйзам бузууларга байланыштуу Ош шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган болчу.