Ош шаарындагы суу көйгөйү блогердин ырына айланды (видео)

Ош шаарындагы суу көйгөйү блогердин ырына айланды. Буга чейин Ош шаарында суу жоктугуна эл нааразы болуп, шаар тургундары социалдык тармактагы баракчалары аркылуу бийликтен суу берүүнү талап кылып жазышкан.

Жогорку Кеңеште да бул боюнча маселе көтөрүлүп, депутат Сүйүн Өмүрзаков Ошко таза суу киргизүү үчүн 5 жыл мурда 5,5 миллион доллар бөлүнгөнүн айтып чыккан.