Ош шаарындагы таза суу көйгөйү. Жергиликтүү бийлик суу бөлүштүрүүчү жайды жылдырууну чечти

Ош шаарында таза суу менен камсыз кылуу маселесин чечүү үчүн суу бөлүштүрүүчү жайды жылдыруу боюнча долбоор ишке ашырылууда. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ нөшөрлөп жааган жамгырдан улам шаардагы кичи райондорго таза суу берүү убактылуу токтотулган. «Ош шаардык суу канал» ишканасынын башчысынын орун басары Талант Байкишиевдин айтымында, суу бөлүштүрүүчү жайды Ак-Буура дарыясынын сел коркунучун жаратпаган жерине тактап айтканда, 2,2 чакырымга өйдө жылдыруу керек. 

Долбоорду ишке ашыруу менен суу маселеси 80-85 пайызга чечилет. Азия Өнүктүрүү банкы долбоорду каржылоону жактырган.