Кечээ, 5-октябрда Оштогу стадиондо чет элдик ырчылардын катышуусунда чоң программадагы гала- концерт болуп өттү.
Гала-концертке шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов катышып, жалпы келген конокторду жана шаар тургундарын Ош шаарынын күнү менен куттукташты. Салтанаттуу иш-чаранын алкагында фейерверк атылып, кыргыз эстрада жылдыздары миңден ашуун көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты.