Ош шаарынын айрым тургундары селден улам таза суусуз калды

Тоолордо нѳшѳрлѳп жааган жамгырдын улам, Папан суу сактагычына жакынкы жылгалардан сел жүрүп, Ак-Буура дарыясындагы суунун ылайланышы нормадан жогору болгондугуна байланыштуу, Ош шаарынын Юго-Восток, ХБК, Туран кичи райондорунан жана Достук, Калинин массивдеринен башка аймактарына таза суу берүү чукул убакытта токтотулду. Ош шаарына таза суу берүү — айыл чарба сугат багытындагы ирригациялык Папан суу сактагычы аркылуу камсыздалат.

Ош шаардык суу канал ишканасы тургундарга жаан-чачын учурларда таза сууну камдап алууну сунуштайт. Таза суу берүү авариялык токтотулган учурда, ишканасы водовоздор менен таза сууну жеткирип берүү боюнча билдирмелерди кабыл алып жатканын да маалымдайт.