Ош шаарынын алыскы кварталы таза суу жана электр энергиясы менен камсыздалат

Ош шаарынын эң алыскы кварталында таза суу жана электр энергиясы менен камсыздоо жакшырат. Аталган кварталда 200дөй үй бар. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.

Ош шаарынын эң алыскы 224-кварталына электр энергия менен камсыздоо системасын жакшыртуу боюнча буйруктун алкагында 3 көмөк чордон орнотулуп, 2,5 чакырым электр чубалгылары тартылып, 90 даана темир-бетон электр мамылары орнотулду. Жалпы смета 4,2 миллион сомду түзүп, каржылоо булагы жергиликтүү бюджет болуп саналат. Быйыл жергиликтүү бюджеттин эсебинен ушул кварталда жарандарды таза суу менен камсыз кылуу долбоору ишке ашырылат. Долбоордун алкагында 2,8 чакырымга суу түтүктөрүн тартуу, 26 скважина орнотуу, скважинаны бургулоо иштери пландалууда.