Ош шаарынын борбордук аянтында Орозо айт намазын 13 миңден ашык адам окуду

Бүгүн, 2-май күнү Ош шаарынын борбордук аянтында Орозо айт намазы окулду. Ага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, дин өкүлдөрү, аксакалдар, бардык муниципалдык аймактык башкармалыктарынын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов калаа тургундарын Орозо айт майрамы менен куттуктады. “Мен жеке өзүмдүн жана Ош шаарынын мэриясынын атынан жалпы мекендештерди майрам менен чын дилимден куттуктайм жана ар бир пендеге жакшылыктарды каалайм. Баарыңыздарды ар дайым ийгилик коштоп жүрсүн, ар бир үй-бүлөдө бакубатчылык, ынтымак, чың ден соолук, береке жана ийгиликтер болсун! Ар бир адамдын жан дүйнөсүнө тынчтык каалайм. Орозо айт маарек болсун!” — деди мэр куттуктоо сөзүндө.

Шаардын борбордук аянтындагы айт намазга жалпысынан 13 миңден ашык адам катышты.