Ош шаарынын борбордук базарын жаңы жерге көчүрүү боюнча соодагерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Кечээ, 20-июлда Ош шаарынын мэриясынын, борбордук базардын дирекциясынын жана муниципалдык аймактык башкармалыгынын өкүлдөрү соодагерлер арасында базарды Көкүмбий көчөсүндө жайгашкан жаңы соода жайга көчүрүү боюнча түшүндүрүү иш-аракеттерин жүргүзүштү. Коопсуздукту тартип сакчылары камсыз кылышты.

Түшүндүрүү иштеринин алкагында ишкерлер борбордук базардын жаңы жайгашкан жери менен таанышып чыгышты.