Ош шаарынын казысы болуп Мырза Осмонов дайындалды

Ош шаарынын мусулмандарынын казысы болуп Мырзакул Осмонов дайындалды. Тиешелүү буйрукка муфтий Замир Ракиев кол койду.

Мырзакул Осмонов Ош облусунун Чоң Алай районуна караштуу Дароот-Коргон айылында туулган.

2000-2003-жылдары Бишкек шаарындагы «Умар бин Хаттаб» медресесинен билим алган.
2011-2015-жылдары Ош облусундагы «Абдужапар» Ислам институтун аяктаган.
2009-2016-жылдары ОшТУнун Энергетика факультетин бүтүргөн.
2013-жылы шаар казысынын жардамчысы болуп иштеген.
2014-жылдан тартып бир катар мечиттин имамы болуп эмгектенип келген.
Кыргыз, орус, араб, түрк, урду тилдерин билет.