Ош шаарынын кире бериши көрк берүүчү чырактар менен кооздолду (видео)

Ош шаарынын кире беришиндеги “Кыргыз көчү” дарбазасы түнкү түстүү чырактар менен кооздолду. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Калаа башчысы Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык, шаарга кире берген дарбаза жана анын айланасы түнкү көрк берүүчү бир канча чырактар менен жасалды. Аны менен бирге атайын лазердик жарыктандыруу системалары орнотулду.

Келген конокторго маданият кызматкерлери тарабынан маданий иш-чара уюштурулуп, майрамдык маанай тартууланды.