Ош шаарынын кире беришиндеги унаа тыгынынан улам дагы бир көчөдө кыймыл ачылат

Бүгүн, 26-декабрда таңга маал Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен бирге Ысакбек Монуев көчөсүндөгү арканын жанындагы жол түйүнүнө барды. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Бардык тиешелүү кызматтарга көчөнүн сол тарабындагы альтернативдик көчөдө (аркадан шаарга киргенде сол тарапта) кыймыл ачуу максатында бетон тосмолордун бир бөлүгүн алып салуу тапшырмасы берилди. Ошондой эле бир аптанын ичинде аталган кесилишке жол чырактарды жана тиешелүү жол белгилерин орнотуу боюнча тапшырмалар берилди. Ал эми жаңы кыймыл ачылып жаткан көчөнү тегиздөө иштери жүрүп, шагыл төгүлөт. Жаз мезгилинде асфальт төшөлөт.