Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев күйөөсүнүн колунан каза болгон келиндин туулган жери Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылына барып, ата-энесине жолугуп куран окуп, көңүл айтты. Мэр бул каргашалуу окуя жалпы кыргызстандыктарды кайгыга салганын айтты.
Ал маркумдун артында калган мектеп жашындагы балдарын Ош шаарындагы В.Терешкова атындагы мектеп-интернатына жайгаштырууга жардам берерин, ал жерде жатакана, тамак-аш, кийим-кече менен камсыздалып көзөмөлдө болорун кошумчалады.