Ош шаарынын мэринин кеңешчиси көз жумду

Ош шаарынын мэринин кеңешчиси Олжобай Осмоналиев көз жумду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Буга чейин анын коронавируска чалдыкканы айтылган. Ал Ош шаардык ооруканасынада дарыланып жаткан болчу.

Ал 58 жашта болчу. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты маркумдун өзүнүн Ош шаарындагы үйүндө өтөт.

Олжобай Осмоналиев 2017-жылдын 14 мартынан 2018-жылдын 13-июнуна чейин Өзгөн районунун акими болуп эмгектенген.