Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Алмаз Мамбетов Ош шаарынын активдерине тааныштырылды

Бүгүн, 2 -августта Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов Ош шаарынын активдерине тааныштырылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Кызмат ордуна дайындоо жөнүндөгү буйрукту Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жаныбек Жалалов окуп берген. Ош шаарынын мурдагы мэри Таалайбек Сарыбашов башка кызматка которулгандыгына байланыштуу, кызматтан кетүүгө арыз жазган.