Ош шаарында кармалган мурдагы казы кайрадан камакка алынды. Бул тууралуу Ош облустук сотунан билдиришти.
«Ош облустук сотунун кылмыш-жаза иштери жана укук бузуулар жөнүндөгү иштери боюнча соттук коллегиясынын 29-майдагы аныктамасынын негизинде Ош шаардык сотунун 23-майдагы токтому жокко чыгарылган. УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылып, айыпталуучуга карата бөгөт коюу чарасы 18-июнга чейин камакка алынган»,- деп айтылат маалыматта.











