Ош шаарынын тургундары селдин жүрүшүнөн улам таза суусуз калышты

Бүгүн, 17-февралда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Ак-Буура дарыясындагы суунун ылайланышы нормадан жогорулагандыгына Ош шаарынын айрым аймактарына таза суу берүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

“Ош шаар суу канал” муниципалдык ишканасы эртең менен саат 07:00дө сел түшкөн Озгур айылынын Кызыл-Кыштак тилкесинде тийиштүү иштерди жүргүзүүдө. Учурда 4 атайын техника тартылган. Калкты суу менен камсыз кылууну тездетүү үчүн бардык чаралар көрүлүүдө.

Таза суу берилгенге чейин жарандарга ичүүчү сууну жеткирип беришет. “Ош шаар суу канал” суу менен камсыз кылуу үчүн төмөнкү телефондор боюнча арыздарды кабыл алат:

03222 8 11 15,
03222 8 11 51,
03222 5 04 16,
0559 05 73 07,
0556 15 35 26,

0550 50 33 57.