Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Дин чөйрөсүндөгу айрым актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамынын жана Укук бузуулар кодексинин 127-1 беренесинин талаптарына ылайык өткөн жума аралыгында жүзүн жаап жүргөн 11 жаранга карата 20 миң сомдон айып пул салынды.
Ошону менен эле бирге милиция кызматкерлери жарандарга чүмбөттөнүп жүрүүнүн коомубузга терс таасирлери тууралуу айтып өтүшүп, мыйзам талаптарын аткарууга чакырып жатышат. Бул багытта ыкчам кызматкерлер менен биргеликте эле милициянын көчмө кабылдамасы дагы иш алып барууда.
Жогоруда белгилеген мыйзамдын талаптарына ылайык Кыргызстанда мамлекеттик мекемелерде жана коомдук жайларда жүзүн толук жапкан кийим кийүүгө тыюу салынды. Мыйзамды бузгандарга 20 миң сом айып пул салынат.
Бул мыйзам коомдук жайларда жарандардын коопсуздугун жана идентификациясын жогорулатууга багытталгандыгын эскертип, туура түшүнүү менен кабыл алууга чакырабыз.