«Ош такси» муниципалдык ишканасы түзүлөт. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев билдирди.
«Силерге мактанып коёюн, 5-августка чейин 50 электромобиль келет. Кроссовер, мини жиптер. Алардын бардыгы шаардын ичинде такси кызматын аткарат. Андан түшкөн каражат шаардын казынасына түшөт», — деди ал.