Ош-Төлөйкөн жолуна асфальт төшөлдү. Тротуары качан?

Ош-Төлөйкөн унаа жолунда асфальт төшөө иштери аягына чыгып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу транспорт министри Тилек Текебаев соцтармактагы баракчасына жарыялады.

«Ош-Төлөйкөн унаа жолунда асфальт төшөө иштери ушул жылдын июнь айында башталган. Аталган унаа жолдун жалпы 5 чакырымына асфальт төшөө пландаштырылган, бүгүнкү күндө ал аяктады», — деп жазылат билдирүүдө.

Министр жарыялаган посттун комментарий бөлүгүндө айрым колдонуучулары тротуары качан куруларын сурап кайрылышты.